Биз социалдык тармакта

Министр: "Эмдөөнү алгач журналисттер алышы керек"

Бүгүн, 16-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Анын айтымында, өлкөдө азыркы тапта коронавирус менен ооругандар көп болуп жатат жана эмдөө алганга ашыкпагандар көп. Буга себеп маалымат каражаттарында Тышкы иштер министрлигинин кызматкеринин эмдөөдөн каза болгон деген маалыматтын тарап кеткенинде.

Ал билдиргендей, эмдөөнү алгач журналисттер алышы керек. "Силер биринчи эмдөө алышыңар керек. Анткени маалымат каражат өкүлдөрү эл менен жолугуп, аларды көп аралайсыңар. Ошолорду сактайм десеңер, эмдөөнү алгач силер алышыңар керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан