Эл аралык “Манас” аэропортунун бардык аэробекет комплекстеринин аймактарына чектөө чаралары киргизилди. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, соңку кезде өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык абалдын начарлашы, коронавирус инфекциясын жуктургандардын санынын өсүшү жана Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачынын көрсөтмөсүнө ылайык, ААК “Эл аралык “Манас” аэропортунун” бардык аэробекет комплекстеринин аймагына 2021-жылдын 17-апрелинен тартып COVID-19 илдетин жугузуу жана жайылтуунун алдын алуу иш-чаралар комплекси күчөтүлдү.
Алсак, төмөнкү чектөөлөр киргизилди:
"Манас" аэропортунун басма сөз кызматы авиажүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн аэропорттун аймагына коргоочу медициналык бет кап менен кирүүсү жана каттоочу зоналарда, учуу алдындагы текшерүүдөн өтүү жайларында 1,5 метр аралыкты сактоо маанилүү экендигин эскертет.
"Урматтуу жүргүнчүлөр, шартка ылайык, бул чектөө чаралары сиздердин коопсуздугуңуздар үчүн кабыл алынды. Эрежелерди сактап, ден соолугуңуздун сак болушуна кам көрүүңүздү өтүнөбүз.
Урматтуу жүргүнчүлөр! “Манас” аэропорту (“МЭА” ААК) авиабилеттердин баасын көзөмөлдөп же ага таасир тийгизе албайт, билеттерди сатуу менен да алектенбейт! Баа саясатын авиабилеттерди ишке ашырган авиакомпания ички эрежелерине ылайык аныкташат", - деп билдиришти аэропорттон.