Биз социалдык тармакта

СУРАМЖЫЛОО: Насыя тартиптери боюнча сиздин оюңуз кандай?

Кечээ, 15-апрель күнү Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылынын айыл өкмөттүн имаратына 15ке чукул аял кирип алып, өздөрүн өрттөйбүз дешкен. Алар насыяларын төлөй албай жатышканын жана үстөк пайызды 3 пайызга түшүрүү маселесин айтып чыгышкан.

Бул окуядан кийин коомдо ар кандай пикирлер жаралган, анда көпчүлүк мекендештер насыялары бар экенин айтышкан.

Насыя жана бул окуя боюнча шаар тургундарынан сурап көрдүк. Айрымдар бул айымдар насыя аларда ойлонушу керектигин айтса, кээ бирлери банктардын үстөк пайызы өтө эле жогору экендигин айтышты.

СУРАМЖЫЛОО: Насыя тартиптери боюнча сиздин оюңуз кандай?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kyrc...
2021-04-16 18:14:56
Бироонун акчасын аласынар той кыласынар, мактанасынар анан эле куноолууну башка бироодон издейсинер
+3
Asmat84
2021-04-16 23:52:36
Негизи бизде өтө эле кымбат кредиттердин пайызы
Албетте мүмкүнчүлүк болсо албай койгон эң жакшы го бирок айла жоктон алабыз да ошону бизге жөнөкөйлөтүп пайыздардын азайтуу керек
+2
aksy.kg
2021-04-18 07:30:19
Өзбекистанды билбейминго бирок казакстан менен россияга караганда өтө эле көп пайыз менен берилет бизде мен россиядан алдым 100000ге 9миң кошуп бердим а бул жакта 100000ге 32миң кошуп төлөп атам
+2
Asmat84
2021-04-18 08:57:28
aksy.kg, Россия менен Кыргызстанды салыштырып болбойт да ал жакта айлык 70 80 миңден ашык алышат бирок кредиттери өтө төмөн банктан өздөрү чалышат сизге кредит береличи башка банктарда кредитиниз болсо деле мейли биз беребиз алынызчы деп турушат. Бизде болсо башка банкта кредитин болуп чорный списокко киргизип койсо да моюн бербейсиң го алган эмесмин деп
-1
munduz2016
2021-04-18 07:43:33
Пайыздарын азайтуу керек,бизде ото кымбат Акча.
+2
oopapa
2021-04-18 11:12:50
Пайыздарды азайтып анан мисалы 12 айга алсан усток пайызды 12 айга тен болуш керек. Банктарда болсо усток пайызды биринчи уч айда эле алып койот экен.
0
Romantik.
2021-04-18 14:59:26
Мен Компаньон банкында иштейм, процент 29,9 % менен берилет. 12 айга 100 000 сомго 16500 сом кошулуп төлөнөт
0
Sonku
2021-04-18 23:26:09
Кымбат эмес банктар бар мен Кыргызстан банктан алгам 12% деп берген бирок документтерди толтуруу кыйынга турду
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан