Биз социалдык тармакта

УКМК 2010-жылдагы Ош окуясы боюнча тергөө иштерин баштады

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу УКМК маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2021-жылдын 15-апрелинде УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иштерин баштаган.
2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө трагедиялуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болгон белгилүү Кадыржан Батыровдун республиканын чегинен тышкары тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгуусуна көмөктөшүү фактысы боюнча, Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына каршы иш козголгон.
"Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында баш аламандыктардын чыгышынын себептери жана шарттары иликтенүүдө, ошондой эле трагедиялуу окуялардын алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөгөн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн, күч структураларынын башчыларынын жана аймактык деңгээлдеги кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилмекчи", - деп айтылат маалыматта.
УКМК бул кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктары, ошондой эле ал боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдер жөнүндө тез арада коомчулукка маалымат бериле турганын да кошумчалаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asmat84
2021-04-16 16:55:33
Биринчи болуп Бектур Асанов күнөөлүү Кадыржан менен кол чаап жүргөн
+7
Mustafo
2021-04-16 17:39:37
Asmat84,Розачы
+4
Pankration_MMA
2021-04-16 17:37:56
Атамбайып, теке, розалардын кулагы көрүнөт бул иштен!
+5
Mirnar
2021-04-17 21:43:22
Дача - суунуда кошуп тергеп салгылачы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан