Бүгүн, 16-апрелде Бишкекте медицина кызматкерлери тынчтык митингине чыгышты. Алар өкмөткө бир топ талаптарды коюшкан.
Митингдин уюштуруучуларынын бири мурун дарыгерлердин укугун коргоп жүргөн юрист, учурда жеке ишкер Нуралы Айдаров өкмөт тараптан чакыруу келгенин айтты.
"Учурда өкмөттүн жана президенттин аппаратынан тиешелүү адистердин жоктугуна байланыштуу шейшемби күнгө саат 10го биз койгон маселелерди талкуулоого чакырышты", - деди Айдаров.