Биз социалдык тармакта

Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 17-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ысык-Көл облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолордо кар жаайт, Жалал-Абад, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +19…+24;

Талас жергесинде түнкүсүн +4...+9, күндүз +18…+23;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18;

Нарында түнкүсүн 1…+6, күндүз +13…+18;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен бир аз жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +21…+23 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан