
Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон жарандар үчүн дары-дармектерди арзандатылган баада саткан дарыканалар уюштурулат. Дарыканалар шаардагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун филиалдарына ачыла турганы Ош шаардык мэриясы кабарлады.
"Бүгүнкү күндө даярдык иштери жүрүп, дары саткан фирмаларга конкурс жарыяланган.
Дары-дармектер шаардагы 1-2-3-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелгендерге 30 пайыз, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 25 пайыз, башка жарандарга рецепттер болгон учурда чекене баадан 10 пайыз арзан баада сатылат.
Бул боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы дары каражаттар жана медициналык буюмдар департаментинин түштүк филиалы менен Ош шаарынын мэриясынын атайын жумушчу тобу иш алып барууда", - дешти мекемеден.