Бишкек шаарында коомдук унаалардагы санитардык эрежелерди сактоо күчөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда санитардык текшерүүлөр күн сайын жүргүзүлүп турат.
"Акыркы пункттарда транспорттук кабиналар системалуу түрдө желдетилип, нымдуу тазалоо иштери жүргүзүлөт. Айдоочулар бет кап кийишет, ал эми бет капсыз жүргүнчүлөр айдоочулардан 2 сомдук баада бет кап сатып ала алышат", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Ошондой эле шаардык мэрия жарандардан санитардык талаптарды сактоону суранат.