Биз социалдык тармакта

Чек ара кызматы Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы абал боюнча комментарий берди

Бүгүн, 16-апрелде кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде чек ара режимин жана мамлекеттик чек араны бузуу фактылары катталган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Гроздь айылынын жанында Чу дарыясынын жээгинде "Чекиш-Ата" ЖЧКсы жүргүзүп жаткан иштер республиканын чек ара мыйзамын бузбайт. Себеби бул аймак чек ара тилкесине кирбейт, ал эми чек ара сызыгы бул участокто Чу дарыясынын ортосу менен өтөт.

Мамлекеттик чек ара кызматы чарбалык иштерди жүргүзүүгө уруксат берилген кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогундагы ага канаатташ аймактардагы абалга көзөмөл жүргүзүп келет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан