Биз социалдык тармакта

Бишкектеги 3 мектеп карантинге жабылды

Бишкекте №67, №24 жана №17 мектептер карантинге жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аталган мектептин окуучуларынан жана бир мугалимден коронавирус илдети аныкталгандыктан, карантинге жабылды.

"№67 мектепте 2 окуучудан (4 жана 9-класс) КОВИД-19 илдети аныкталган. Алар үй-бүлө мүчөлөрүнөн жуктуруп алышкан. №17 мектепте 2 окуучу (3 жана 4 класс) коронавирус илдетин туугандарынан жуктуруп алган. №67 мектепте бир мугалимден КОВИД-19 илдети аныкталган.

Жогорудагы жагдайга байланыштуу 3 мектеп карантинге жабылды. Ал эми окуучулар онлайн окуу форматында билим алууну уланта бермекчи.

Мындан тышкары №12 жана №93 бала бакчалар дагы онлайн окутуу форматына өтүштү", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан