Биз социалдык тармакта

Кара-Суудагы окуучусун сабаган мугалимдин үстүнөн териштирүү башталды

Ош облусунда сабалып ооруканага түшкөн окуучу боюнча иш тергелип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде SUPER.KG порталына облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 13-апрелде Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылында болгон. Анда сабалган 8-класстын окуучусу аймактык ооруканага түшкөн.

Милиция ал окуучу дене тарбия мугалиминин ур-токмогуна кабылганын төмөнкүчө түшүндүрдү.

"13-апрелде Отуз-Адыр айыл аймагынын Кара-Дөбө айылында жайгашкан М.Тешебаев атындагы орто мектептин имаратынын ичинде ушул эле мектептин 8-классынын окуучусу дене тарбия сабагынын мугалими “Эмне үчүн журналды карайсың?” деп эки колу менен кулагынан чоюп, уруп денесине жаракат келтирген.
Бул факты боюнча топтолгон материал 2021-жылдын 14-апрелинде Кара-Суу РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Жоруктар кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүмү менен Кара-Суу РИИБинин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Учурда аталган иш Кара-Суу РИИБинин ЖЖИББдин алгачкы текшерүү иштери боюнча кызматы тарабынан тийиштүү тергөө аракеттери улантылууда", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KaGaH
2021-04-17 15:57:54
Бизди мугалимдер уруп эле тарбиялаган,эжелер кулактан чоюп ручка менен башка ургулап, физкультурадан сабак өткөн агайыбыз айланып туруп тепкенде партадан ашып барып түшөт элек, билбейм азыркы окуучулар кандай, өлбөй эле адам болдук
+9
Aidar.001
2021-04-18 00:46:25
KaGaH,айланып туруп тебет беле? Койчу ай (:
-3
Aky12
2021-04-17 17:16:02
Мугалимдерге рахмат, азыркы балдар укпайт, тен айтышып, окуучуга катуу суйлосо мынантип сразу сотко беришет. Ошондуктан мугалимдер да мурдагыдай талап кылбай жон койду
+9
nazira...
2021-04-17 20:03:13
Ошончо больницага жата турган кылып катуу уруптурбу. Азыркы мугалимдер андай урбай калды го, билбейм кимисинде кунөө.
+9
JaneEr
2021-04-17 20:27:14
Темир вешелка менен токмок жеп чонойгонбуз.Азыркы балдар кеп жебейт,озу башташып,мугалимге тонкоп коюшат
+10
Gulipa
2021-04-18 05:20:59
Энеси болушчаактын баласы ыйлаак болот да
+5
Maku1
2021-04-18 08:55:10
Энеси болушчаактын баласы ыйлаак! Мугалим больницага жаткыдай кылып урбаса керек. Мунун азабын кийин көрөт го ата-энеси...
+4
Noon
2021-04-18 12:29:53
Кулагы түшүп калса керек да чоюп койсо. Обу жоктор. 8- класс деген чоп чоң эле жигит да.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан