Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад курортунда массалык ишембилик өтүүдө

Бүгүн, 17-апрелде Жалал-Абад курортунун аймагын таштандылардан арылтуу максатында массалык ишембилик өтүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ишембиликке облустагы мекеме, ишканалар менен катар Жалал-Абад ОИИБинин, Жалал-Абад ШИИБинин, ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, Жалал-Абад ОИИБи боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышууда.
"Курорт аймагы Жалал-Абад облусундагы кооз жерлердин бири экендигин белгилеп, жаратылышка аяр мамиле жасоо зарылдыгы айтылды" деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан