Биз социалдык тармакта

Арстан Алай: "Ковид - бул энергия, адамга энергия жайгашып жатат. Уу коргошун аны айыктыра албайт"

Уу коргошун коронавирус илдетин айыктырбайт. Мындай пикирин Арстан Алай билдирди.

Анын айтымында, уу коргошундун дарылык касиети тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айткандары жаңылыш пикир.

"Уу коргошун менен дарылайбыз деген жаңылыштык. Себеби, дүйнө окумуштуулар жылдап вакцина ойлоп тапты. Ойлосо ошолор уу коргошундан дары ойлоп тапмак да. Бул эч кандай жардам бербейт. Министрдин сүйлөгөн сөзү өзүнүн аң-сезиминин төмөндүгүнөн кабар берет.

Балким, бул чөптүн кандайдыр бир дарылык касиети бардыр, бирок ковидди айыктырбайт. Мен айткам, ковид эпидемия дагы, пандемия дагы эмес. Бул энергия. Адамга энергия жайгашып жатат. Ошондуктан дене табы көтөрүлүп, эски ооруларынын баары козголуп жатат. Адам өсмөйүнчө, психологиясы өнүкмөйүнчө өлүмдөр токтобойт. Буга кантип уу коргошун жардам берсин.

Уу коргошун жардам бере турган болсо вакцинанын эмне кереги бар? Эмнеге вакцинаны убакыт коротуп ойлоп таап жатышат? Уу коргошун менен дарылап ала турган болсо эмдөөнү токтотушпайбы анда. Эмне үчүн мугалимдер, дарыгерлер вакцина алсын деп мажбурлап жатышат? Биз уу коргошун менен дарылап алабыз деп дүйнөгө жар салбайбы. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна уу коргошунду сатып биздин экономикабызды көтөрбөйбү.

Бул дарт айыкпайт. Көрүп жатканыңардай ар кандай мутациялар пайда болуп жатат. Молдолор адамдын ичине жин кирип кетти дегендей ковид дагы адамдын ичине энергия болуп кирип кетти. Качан биздин психологиябыз өсүп, жаңыча жашап баштаганда гана бул оорудан айыгып кетебиз. Азыр доордун талабы өзгөрдү. Адамдын анатомиясы астрологиянын ролун аткарып калышы керек. Тактап айтканда, адамдын сыпаты периштедей, улуу күчтөрдөй сыпатка өтүш керек. Адам майдалана берсе оору күчөй берет. Качан гана биз периштедей жашап калганыбызда оору да, кырсык да токтойт", - деди Арстан Алай.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Asyl.jazi
2021-04-17 21:28:25
Тооба кылдым. Жаратканым ушул адамга ыйман бер!
+20
Ozgocho111
2021-04-17 22:01:07
Арстан Алай, Анжелика,Самара...бутпос тема
+13
Jibakana
2021-04-17 22:52:39
Ошондо ан сезими ойдо Адам айтып жатабы?до смерти смешно
+12
Asmat84
2021-04-17 23:24:05
Ушул киши жөн эле койбоптур да
+4
Mubarak
2021-04-18 05:34:34
Коронавирусту кыргызга келбейт дедиле еми бул енергия дейт динден кабары жок болсода жок легенде 2 тур суйлобойле койбоптур
+6
nazira...
2021-04-18 10:21:34
Жин бар ичинде, жин бар бул кишиде. Ошо жин сүйлөп жатат бул киши эмес. Орозо маалда да жини козуптур да мунун. Тооба, точно до смерти смешно.
+3
al-abu-kinesz
2021-04-18 13:00:57
Арстан уро берет кербен журо берет
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан