Уу коргошун уулайбы же дарылайбы? Талкуу жаратып жаткан тундурма тууралуу табыптардын пикири (видео)

Учурда дүйнөнү каптаган коронавирустан айыгуу үчүн бардык өлкөлөр аракет көрүп жатат. Кытайдан чыккан бул илдетке ар кандай дарылар табылып, айрымдары жардам бербегендиктен кайра колдонуудан алынууда.
Кыргыз өлкөсү дагы коронавирусту жок кылуу үчүн иштелип чыккан башка өлкөлөрдүн вакциналарын алып жатат. Бирок өлкө жарандары азырынча эмдөө алганы ашыкпай жатышат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров да, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев да айтты. Министр элдин эмдөө албай жатканына Тышкы иштер министрлигинин кызматкерин эмдөөдөн каза болду деген маалыматтын таркап кеткени менен түшүндүрдү.

Ал эми президент Садыр Жапаров өлкөнүн дарыгерлери коронавирусту эффективдүү дарылоонун жолун тапканын билдиргенден бери, бул чөптүн тегерегинде талкуу кызуу жүрүп жатат.
Кечээ, 16-апрелдеги жыйында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска чалдыккандарга уу коргошун берилип жатканын кабарлады.

Ал мындай дарылоону президент Садыр Жапаров сунуштаганын, ага атасы Нуркожо ата үйрөтүп кеткенин айтты.

"Садыр Жапаров ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго элге уу коргошунду берсек, оору токтойт деп кат жазган. Бирок Жээнбеков ал катты окуп да койгон эмес.

Андан кийин Жапаров мага кайрылды, мен ал кезде дарыгер болуп иштечүмүн. Анан туугандарыма бердим, алар айыкты. Азыр башталганда кайра президентке кайрылдым.

Анткени анын атасы Нуркожо ата көп жылдан бери ашказандагы ракты жана башка ооруларды дарылап келген жана аны баласына үйрөтүп кетиптир", - деген министр.

Ал эми заманбап медицина дайыма элдик табыпчылыкты, ар кандай чөптөр менен дарылоону жерип келет. Бирок ошол эле учурда өлкө аймагында ар кандай чөптөр менен көмүскө бейтаптарды дарылаган табыптар жок эмес.

SUPER.KG порталы Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу, медицина илимдеринин доктору, профессор Аида Зурдинова менен буга чейин маек курган.

Зурдинова бул билдирүүлөрдү табыпчылыкты элге таңылоо деп эсептей турганын айткан.

"Буга чейин бул тууралуу көп ызы-чуу болуп келди. Бизде бул тармакта мыйзам болсо дагы бир жөн. Биздин мыйзамда чөп менен дарылоо тууралуу мыйзам жок, эгер болсо тастыкталган документ жана адистик болуш керек. Мындан бир жыл мурун табып Хашим Зайналиев ушул эле уу коргошунду жана башка ар кандай чөптөрдү колдонуп, бейтаптарды дарылап коомго резонанс жараткан. Анын окуясы бизге сабак болбогону абдан өкүнүчтүү", - деген ал өз пикиринде.


Ал эми талкуу жараткан бул темадан кийин өздөрүн элдик дарыгер атаган табыптар бул өсүмдүккө карата маалыматтары менен бөлүшө баштады.
Биз алгач эле кыл тамырчы, элдик дарыгер Ташбү Каразаковага байланыштык. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасында кеңири маалымат бергенин айтты.
Айтымында, уу коргошунду дарыгердин көзөмөлүндө ичсе болот, өз алдынча эч качан ичпеш керек.
"Аты айтып тургандай өсүмдүк уу, аны да ичүүнүн эрежеси бар, 1 кашыгына бир ат жөн эле өлөт. Биздин эл жаңылыкты текшербей туруп кабыл алабыз. Ичпегиле деп каршы болбоймун демекчимин", - деген ал уу коргошунга байланыштуу башынан өткөргөн окуяны баяндады.
"Уу коргошун уулуу дары чөп, колдонгондон абайлаңыздар! Анын ооруган адамга белгиленген дозасы болот, ичүүнүн эрежеси бар, пайдасынан зыяны көп. Көз чачырагандан ичип алып, зыян тартып калбаңыздар, органдарды жабыркатып коёт. Баарынан элдин ден соолугу биринчи орунда. 2012-жылы кабыл алуума 4-стадиядагы боордон рак болгон өзбек улутундагы келинди алып келишти.
Анализдерин көрдүм, ооруканага алып кете бергиле дептир. "Аялымдын көңүлү үчүн алып келдим, эже, убара болбой эле коюңуз" деп айтты күйөөсү. Апасы "бир чарасын кылыңыз, өлсө сизден көрбөйбүз" деп боздоп ыйлайт.
Ойлонуп отуруп дарылоого уу коргошунду да коштум. Өзүм өлчөп, тамчылатып, график менен ичирип жаттым. Өлөт деген келин Кудайдын амири менен айыгып кетти.
Бөтөлкөдөгү ашканын бөлмөмө, сыртына пакет кийгизип коюп койдум. Кызым келип үй жыйнап, пакетти алып салып, менин уктоочу жайымдын жанында ичүүчү суулардын жанына коюп коюптур. Мен билбеймин аны.
Таң атайын дегенде суусап ( кечинде чайханадан аш жегенмин) караңгыда колумду узатып бөтөлкөнү алып оозун ачып бир эле ууртадым. Башкача даам. Жарыкты күйгүзүп Тагаевге "тур кеттик, больницага мен уу коргошун ичип алдым" деп 5 минутага жетпей жөнөдүк. Бейтапканага бардык, врачтар дароо ашказанды жарым чака суу ичирип кайра кустуруп жуушту. Шалдырап алсыз боло баштадым. Баары эле үнсүз мени тиктешет. Таң атты, жандандыруу бөлүмүнө алып барышты. Врачтар болгон аракетин жасап жатышты. Денем бөлүк бөлүгү менен катып баратты. Сактап калгыла деп кыйкырам, үнүм деле чыкпаптыр көрсө. Бир сутка тамчылатма дары алдым. Ичим кара жашыл болуп өтүп кетти (өткөнү жакшы экен, уу чыгып кетиптир). Бир маалда эле дене табым 30га түштү. Медайымдар жанымдан жылган жок.
Ички органдарым өз өзүнчө катып баштаганы билине баштады, муундарым эбак катыган.
Кудайымдан шыпаа келип, кайра жибип жумшара баштадым. Дене табым акырын 35-40-45 боло баштады. Заара чыгып баштады. Организм уудан тазалана баштады деп врачтар сүйүнүп жатышат.
Арасында ошончо милиция же аларга сүйлөй албайм. Оозу, мурдума заарага бүт шланг коюп салышкан. Сутка болгондо дене табым 60 болду, бөйрөк иштеп кетти. Кийин врачтар "бөйрөк иштеп кеткени жакшы болду, сизди болбой калат окшойт дедик эле" дешти. Ошондо бөйрөгүмө залал келген экен, азыр бөйрөгүм жакшы иштебейт. Жүрөгүмө, нервге да таасир эткен, азыр анын кесепети билинет. Кудайыма чексиз шүгүр, кайра төрөлүп жашап жатам. Ошол күндөн баштап менин жашаган ар бир секундум, Кудайымдын мага берген белеги. Ыраазымын Жаратканга. Андан кийин сууга кайнатып, эрежеси менен көп эле ичтим. Дарыгердин көзөмөлүндө ичүү керек. Ичүүнүн эрежеси бар, аны сактоо керек, өз алдынча ичүүгө болбойт. Органдарды абайлагыла, дозасын сактоо керек. Мен өз ишимде уу коргошунду пайдаланбайм. Андан жакшы дары чөптөр бар, ошолорду пайдаланам. Ар бир дары чөп өз өлчөмүндө болсо, дарылыгы болот", - дейт Каразакова.
Ал эми табып Хашим Зайналиев да массалык маалымат булактарынын бирине берген маегинде уу коргошунду колдонууну колдой турганын, бирок абайлоо керектигин айтты.
Анын пикирин видеодон көрүңүз.
Ошондой эле уу коргошун уулайбы же дарылайбы деп суроо салган дарыгер Шайлообек Уркунбаев тундурма тууралуу төмөнкүдөй пикирин билдирген.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров өлкөнүн дарыгерлери коронавирусту эффективдүү дарылоонун жолун тапканын билдирген.
"Оору башталганда барсаңыздар дарыгерлер бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты. Ал дары тууралуу видедон көрсөңүз болот", - деп жазган президент социалдык тармактагы баракчасына.

Постко тиркелген видеодо адамдар тунук затты бөтөлкөгө куюшат. Бөтөлкө этикеткаларында "Ысык-Көлдүн тамыры" деп жазылып турганын көрүүгө болот.

Бул видео жана билдирүү коомчулуктун кызыгуусун жаратып, талкууга алына баштады. Көпчүлүгү социалдык тармактагы баракчасына бул суусундукту ичүүгө болбой турганын, аны колдонуу өтө кооптуу экенин жазып чыгышты.

Талкуу жаратып жаткан уу коргошунду колдонуу жолу, кантип үчүү керектигин кечээ, 16-апрелдеги маалымат жыйында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев айтып, атүгүл ал тундурманы журналисттерге көрсөтүп ичти.

Айтымында, алар бул ичимдикти колдонуп 300 коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылаган жана аны колдонуу айтылып жаткандай кооптуу эмес.

Маалымат жыйындан кийин талкуу кайра күч алды. Мындан улам SUPER.KG порталы адис менен бул теманын тегерегинде маектешти. Окурман, маекти толук ушул шилтемени шилтеп кирип окуңуз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sabirdinovich
2021-04-18 09:57:05
Рахмат, жакшы интервью болуптур
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан