Жалал-Абад облусунда коронавирус инфекциясын жуктурган дагы 4 учур катталганы, анын ичинде 7 жашар бала бар экени тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу коронавируска каршы түзүлгөн республикалык штаб билдирүү жасады.
Бүгүн, 21-мартта Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктурган дагы 6 жаран аныкталып, өлкөдө бул оору менен ооругандардын жалпы саны 12ге жетти.