ЖМК: "Дүйнө жүзү боюнча мунайдын запасы түгөндү"

Пандемия учурунда суроо-талап азайышынан улам кампаларда топтолуп калган мунайдын запасы дээрлик түгөндү. Бул тууралуу Эл аралык энергетика агенттигине шилтеме берип дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кампадагы запас учурда Кытайда гана калган. Алар мунайды нефть иштетүүчү жаңы ишканалар үчүн сактап турат.

"Февраль айында дүйнө жүзү боюнча топтолгон мунайдын бештен бир бөлүгү гана калган. Андан бери дагы азайды. Калыбына келип жаткан дүйнөлүк экономикада күйүүчү майга суроо-талап өтө жогору болуп жатат", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин мунайга болгон баа дагы беш пайызга өскөнү айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
emirchik
2021-04-19 12:03:02
Электромобилге отуш керек ушу мунай баш оруу болду Кыргызстанга
+3
Azat-123
2021-04-19 15:43:10
Водород менен Электро жетишетго бизге
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан