Биз социалдык тармакта

Өзбекстан Барактагы 208 гектар жерди алып 100 гектар бергенби? Камчыбек Ташиевдин жообу

Бүгүн, 19-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрүүдө. Анда Ташиев Барактагы 208 гектар боюнча суроого жооп берди.

"Барактагы 208 гектар жерди алып коюп бизге 100 гектар берип койду деген маалымат туура эмес. Барактын 208ине 208ди алганбыз. Биз 100 гектарды кошумча алдык. 25 жылдан кийин эгерде биз азыр чек ара маселелерибизди бүтүрүп ала турган болсок чек ара маселеси чыкпайт. Себеби чек араны азыр тактап жазабыз, Жогорку Кеңештен ратификация кылабыз, президент колун коёт, мыйзам кабыл алынат, бул жер меники, бул жер сеники деп толук чектелет. Чектелген соң эч кандай маселе болбойт", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Flowhive
2021-04-19 22:15:04
Ошол кайсы жерден алынды, барактыктар ээн бир талаада жашап жатышат го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан