Бүгүн, 19-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айылынын жашоочулары менен чек ара маселеси боюнча жолугушуу өткөрүүдө. Анда ал талаш-тартыш болгон жерлерден Кыргыз өлкөсү бир дагы сотых жер алдырбаганын айтты.
"Биз он гектар, бир гектар, бир сотых дагы жер берген жокпуз. Талаш-тартыш болуп жаткан жердин бардыгын алдык", - деди Ташиев.
Мындан тышкары Камчыбек Ташиев Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын ортосунда чечилбеген 2 гана сотых (Чечме булагы) калганын айтты.