Бүгүн, 19-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айылынын жашоочулары менен чек ара маселеси боюнча жолугушуу өткөрүүдө. Анда УКМК башчысы чек ара маселесин сүйлөшүү үчүн Ташкент шаарына дагы барарын айтты.
"Чек ара маселеси тууралуу Ташкент шаарына дагы барып сүйлөшүү жүргүзөбүз", - деди Ташиев.
Өз кезегинде УКМК башчысы чек ара маселелерин чечүүдө бир айылдын эмес, жалпы өлкөнүн кызыкчылыгын эске алуу керек экендигин баса белгиледи.