Биз социалдык тармакта

Бишкекте бир апта ичинде 47 айдоочу мас абалда унаа башкарганы аныкталды

Бишкек шаарында бир апта ичинде 5 миң 294 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 9-апрелден тартып 15-апрелге чейин Бишкек шаарынын аймагында 5 миң 294 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

1) Мас абалында унаа башкаруу - 47;

2) Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 11;

3) Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу - 70;

4) Авто ээнбаштык - 1;

5) Башка жол эрежелерин бузуулар - 4076.

Мындан сырткары 478 унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан