Биз социалдык тармакта

Бул окуу жылы бардык жалпы билим берүү уюмдарында 25-майда аяктайт

2020-2021-окуу жылы бардык жалпы билим берүү уюмдарында 25-майда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын бардык типтеги жана менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдарында 2020-2021-окуу жылын уюшкандыкта аяктоо, ошондой эле пандемия маалында бүтүрүүчүлөрдүн саламаттыгын жана коопсуздугун сактоо максатында тиешелүү буйрук чыгарды. Ага ылайык, 2020-2021-окуу жылы жалпы билим берүү уюмдарында ушул жылдын 25-майында аяктайт.
Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келген негизги жалпы жана жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча мамлекеттик аккредитациядан өткөн Кыргыз Республикасынын бардык типтеги жана менчик түрүндɵгү жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү программаларын өздөштүргөн 9 жана 11-класстардын окуучулары үчүн ɵткɵрүлɵт.
Аттестация ар бир жалпы билим берүү уюмунун окуу планына ылайык, мектептин предметтик комиссиялары тарабынан жүргүзүлɵт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан