Биз социалдык тармакта

Президенттин маалымат катчысы: "Садыр Жапаровдун уу коргошун боюнча билдирүүсү өз демилге менен өчүрүлдү"

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун 15-апрелде жарыяланган COVID-19дан "айыктыруучу дары" тууралуу постун Фейсбук компаниясы өчүргөнү кабарланган.

Аталган компаниядан жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербей турганын кабарлаган.

Кийинчерээк президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек социалдык тармакка жарыяланган билдирүү эч кандай кийлигишүүсүз эле өчүрүлгөнүн айтып чыкты.

"Сөз болуп жаткан билдирүүлөр тышкы кийлигишүүсүз, өз демилге менен өчүрүлдү. Ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул багыттагы илимий-изилдөө иштерин уланта берерин белгилейбиз", - деди ал.

Буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына дарыгерлер коронавирустан 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышканын билдирген. Бул боюнча жазылган постко адамдардын сыртына "уу коргошун" деп жазылган бөтөлкөлөргө суюктукту куюп жаткан видеосу тиркелген. 16-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп, уу коргошун менен дарылоо боюнча түшүндүрмө берип, аталган өсүмдүктүн кайнатмасын түз эфирде ичкен. Бул коомчулукта ар кандай талкууларды жаратып, мындай дарылоо ыкмасына көпчүлүк сын-пикирин айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Shabi
2021-04-19 19:18:03
Апенди эле болдунар го.
+15
nargiz-sa
2021-04-19 19:31:59
Shabi,айтпаңыз уят эле болуп бүттүк
+11
bessmertiy
2021-04-19 20:05:30
Былтыр 33-апрель келбей коюп жаман болду эде
+10
Aibek-312
2021-04-19 20:21:33
Ошондо булар Фейсбукту да жалганчы кылып салдыбы тообо
+9
zhaynak
2021-04-19 21:00:13
Жер алмашуу боюнча
Алдандык, ажырагыс асыл жер, идиштеги суу, акмакчылыктын дал озу, коншубуз ынтымакбыз деп алмаша коюп, кармата салуу туурабы? Суу толугу менен озбектерге откон болсо, кылым айланып, алты миллион элин биригип кыйкырып ыйласан да бербейт озбектер. Булар ойногон сатираны качан эле, эскертуу ирээтинде Тынар менен Борончу ойноп койгон экен. Аттин бир чогулуп Садыр менен Камчы ошол интермедияны башкадан жакшылап коруп коюшса.
+6
Dembele84
2021-04-19 21:22:10
Маскарапоз клоун эле болуп калдык го башка олколорго,ушунча да доопарас болушабы биздин чондор?(((
+7
bond02
2021-04-19 22:35:41
Садыр куудулдук боюнча Атамбаевден отот окшойт бул кетиште.
+5
Mr.altynbek
2021-04-20 00:52:52
Бир айтат артынан кайтат
+2
heaven2016
2021-04-20 00:57:47
Ташиев ит экен суу сактагычка ээ боло турган маанилүү жерди беребиз деп катып туруп алды. Өз элине душман окшойт
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан