Адамдын организми үчүн кооптуу болгон азык-түлүктөр аталды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар диетолог Елена Каленге шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Андагы маалыматка караганда, диетолог Елена Кален күнүмдүк рациондон кыскартуу же такыр эле алып салуу керек болгон азыктар тууралуу айтып берген.
Диетолог алгач эле таттууларды колдонуунун зыяндуулугуна токтолгон. Айтымында, таттуулар бул "бош калория", алар ашыкча салмактуулуктун булагы болуу менен кант диабетине, боордун иштешине жана териге терс таасирин тийгизет. Организм үчүн зыяндуу азыктардын кийинки тизмесине эт кирген. Эт белоктун эң жакшы булагы, бирок эт азыгын байма-бай колдонуу ичеги-карындын нормалдуу иштешине тоскоолдук кылат. Ошондой эле адамдын ден соолугу үчүн алкоголдук ичимдиктер өтө кооптуу. Ал эрте картаюуга, боор жана кан-тамыр ооруларын, гипертония, кант диабети жана панкреатит оорусуна алып келет. Ал эми суусундуктардан кофени колдонуу зыян. Ал жүрөктүн ылдам согуусун шарттап, кан басымды көтөрөт деген адис.