Биз социалдык тармакта

Май айында мамлекеттик кызматкерлер 3 күн эс алат

Май айында мамлекеттик кызматкерлер 3 күн эс алат. Бул тууралуу өкмөттүн токтомунда белгиленген.

  • 1-Май - Эмгек майрамы;
  • 5-Май - Конституция күнү;
  • 9-Май - Жеңиш күнү.
Эгерде эс алуу менен майрам күндөрү дал келсе дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат. Эреже боюнча 1-Май ишембиге туш келгендиктен 3-май дагы эс алуу күнү болмок. Бирок өкмөт күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу үчүн 3-майдагы эс алууну 8-январга жылдырган.

5-Май шаршембиге туура келет. Ал эми 9-Май жекшембиге туура келгендиктен кийинки дүйшөмбү күнү 10-май эс алуу күнү болуп саналат. Ошондо жалпысынан ишемби менен жекшембилерди эсепке албаганда кошумча үч күн эс алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан