Биз социалдык тармакта

Саламаттыкты сактоо министри: "Уу коргошун бүткүл дүйнөдө колдонулуп келе жатат"

Аконит өсүмдүгү (уу коргошундун илимий аталышы) бүткүл дүйнөдө колдонулуп келе жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, аталган өсүмдүк эч жерде расмий катталган эмес, бирок эксперименталдык түрдө дарыгерлер тарабынан дайындалып келет.

"Аконит өсүмдүгү бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Орусияда да изилденген. Дүйнө жүзүндө колдонулуп келе жатат. Ковид илдетине каршы дары катары эч жерде расмий катталган эмес, бирок баары эсперимент катары дайындап жатышат. Бизде дагы азыр клиникалык сыноо болуп жатат, андан кийин расмий катталат", - деди Бейшеналиев.

Буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына дарыгерлер коронавирустан 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышканын билдирген. Бул боюнча жазылган постко адамдар сыртына "уу коргошун" деп жазылган бөтөлкөлөргө суюктукту куюп жаткан видео тиркелген. 16-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп, уу коргошун менен дарылоо боюнча түшүндүрмө берип, аталган өсүмдүктүн кайнатмасын түз эфирде ичкен. Бул коомчулукта ар кандай талкууларды жаратып, мындай дарылоо ыкмасына көпчүлүк сын-пикирин айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Zumrudianka
2021-04-20 10:34:15
Аллахка чексиз шугурлор болсун. Садыр Нуркожоевич себеп болуп ушул уу коргошун дуйно дузундогу ооругандарба шыфаа берсин Аллахтан болуп
-5
Dembele84
2021-04-20 11:30:51
Кемчонтойлор кыргызды дуйного шерменде кылбагыла!Бийликтегилер озунор доопарас болгонунар аз келгенсип кыргызды да шылдын кылбагыла!!!
+5
supish2017
2021-04-20 12:44:23
Туура эле. Элдик дарылар миндеген жылдык тарыхы бар.
Пайдасы барбы колдонуу керек.
Изденуу керек
Ансыз деле кытайдын жасалма химикат дарысын ичип жатасыңар..
-1
bond02
2021-04-20 13:20:32
Шоро это сила деген реклама эске тушуп кетти.
0
portugalia
2021-04-20 13:25:41
Изилдеп корушсун.Вируска каршы пайдасы болсо колдонуш керек.Дарыны деле инструкциясына карап колдонобуз го дозасынан ашса болбойт деп.Барыбыз кырылабыз андай мындай дегенинер болбойт.
0
Nurik1988
2021-04-20 13:31:36
Жакшы жанылык жакшы жагынан болуп тасири тийип калса, ногу бок соз озун акылдуу сезгендердин акабалын корот элем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан