
Бүгүн Кыргыз өлкөсү эл аралык аренада маанилүү жеңишке жетишти. Нью-Йорктогу Бириккен улуттар уюмунун Генералдык ассамблеясы Кыргыз өлкөсүнүн "Жаратылыш чек араны билбейт" аталышындагы резолюциясын кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин кызматкери
Сеит Убыкеев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, аталган долбоор экология жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган.
"Аталган демилгенин символу Ак илбирс болуп калды. Жөнөкөй тил менен айтканда, биздин өлкө эл аралык тоолуу өлкөлөр үчүн экологиялык көйгөйлөрдү чечүү планын сунуштады. Бул окуя кыргыз дипломатиясынын жеңиши деп ойлойм. Аталган демилгенин негизги максаты - экологиядагы эң көйгөйлүү маселелерди чечүүдө эл аралык донорлорду тартуу болуп саналат", - деп жазган Сеит Убыкеев.