Эксперт: "Жатак үйлөрдө ар бир бала өзүн өз үйүндө жүргөндөй сезиши керек"
"Жатак үйлөрдө ар бир бала өзүн өз үйүндө жүргөндөй сезиши керек, ушуга шарт түзүү зарыл". Бул
сөздү 18-октябрда маалымат
жыйында “Кыргызстандагы институтционалдык мекемелерде иштегендердин потенциалын
жогорулатуу, балдарга кам көрүүдө стандарттарды сактоо жана мониторинг жүргүзүү”
долбоорунун башкы эксперти Гордон Петерс билдирди. Шарт түзүү үчүн азыркы
интернаттардын кызматкерлерин окутуудан өткөрүү керек деген эксперт: “Бул нерсе мекеменин социалдык абалынан гана
эемес, ал жерде иштеген кызматкерлерден да көз каранды”,- деди.