
Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирус илдетинен 173 бейтап айыкты. Бул Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары
Жалалидин Рахматуллаев брифинг берип жатып билдирди.
Анын айтымында, акыркы сутка ичинде ооруканадан сакайып чыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды.
Бишкек шаарында - 108;
Ош шаарында - 3;
Чүй облусунда - 51;
Нарын облусунда - 3;
Ысык-Көл облусунда - 5;
Жалал-Абад облусунда - 1;
Баткен облусунда - 2.
Жалпы айыккандардын саны 87 миң 229 адам.