Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында башкы прокурор отчёт берип жатат.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев 1 миң 266 Кыргыз жараны чет мамлекетте жазасын өтөп жатканын айтты. "Орусияда 1 миң 12, Казакстанда 93, Тажикстанда 26, Өзбекстанда 32, Түркияда, Кытайда 12 жаран жазасын өтөп жатат", - деди ал.
Курманкул Зулушев баяндамасында Башкы прокуратура 2021-жылы мамлекеттик мыйзамдардын так жана толук аткарылышына көзөмөлдү күчөтө турганын белгиледи.