Биз социалдык тармакта

Жаан жаайт. 21-апрелге карата аба ырайы

Эртең, 21-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз дээрлик бардык аймактарда жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат, кээ бир райондордо ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен шамал болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +4...+9,

Талас жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +3...+8,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +9...+14,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3...+8, күндүз +9...+14,

Нарын облусунда түнкүсун 0...+5, күндүз +9...+14,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...-6 градус.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн +7…+9, күндүз +7…+9 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан