"Ата Журт Кыргызстан" партиясынын шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга укугу жок болчу" аталышындагы маалымат жыйыны өттү.
Жыйынга шаардык кеңешке шайлоого аттанган 8 партиянын өкүлдөрү катышты.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрель күнү өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча Бишкек шаардык кеңешине жалпы 419 миң 901 шайлоочу катышып, азырынча 6 партия 7 пайыздык чектен өттү. Алар:
"Эмгек" - 13,87 пайыз;
"Ак Бата" - 12,15 пайыз;
КЭДП - 10,70 пайыз;
"Ата-Журт Кыргызстан" - 9,63 пайыз;
"Ынтымак" - 8,34 пайыз;
"Биздин эл" - 7,73 пайыз.
Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелде КЭДП партиясын жарыштан четтетүү чечимин кабыл алган.