Биз социалдык тармакта

Орусияга бара тургандар ПЦР-тесттин жыйынтыгын тиркеме аркылуу көрсөтүшү керек

Орусияга бара турган Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин жарандары анын ичинде Кыргыз жарандары "COVID-19суз саякаттоо" тиркемесинде ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын тастыкташы керек. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул талап Орусиянын керектөөчүлөрдү көзөмөлдөө кызматы тарабынан коюлган.

Тиркемени иштетүү үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

1) "COVID-19суз саякаттоо" мобилдик тиркемесин смартфонуңузга AppStore же Google Play'ден жүктөп алыңыз.

2) Тиркемеде сунушталган тизмеден жакынкы лабораторияны тандаңыз, жолугушуу саатын белгилеп, паспортуңуз менен лабораторияга келиңиз.

3) Лабораторияда анкета толтуруңуз. Мобилдик тиркеме орнотулган телефон номерин көрсөтүп тесттен өтүңүз.

4) Арызда көрсөтүлгөн QR-кодду мобилдик тиркеме аркылуу сканерлеңиз.

5) Учуудан мурун тесттин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтын мобилдик тиркемеде бар экенин жана тесттин жыйынтыгынын мөөнөтү жарактуу экенин текшериңиз (ПЧР тесттин жыйынтыгы 72 саатка жарактуу болушу керек).

6) Учакка отурганда уюлдук телефонуңуздан тиркеме аркылуу QR-кодун көрсөтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sabette
2021-04-20 20:40:01
Мен учуп келдим телефонго жуктодум бирок сурабадыго
0
Diyana
2021-04-20 22:19:09
Москвадан Кыргызстанга учкандар да колдонуп отсо болот бекен же созсуз аэропорттун озундо тапшырыш керек бекен ? Билгендер жазып койгулачы
+1
oopapa
2021-04-21 08:54:12
Diyana, Москвадан кыргызстанга керек эмес. Эгер кыргызстандын жараны болсонуз.
0
Diyana
2021-04-21 10:24:43
oopapa,эч кандай тест тапшырбай эле кете берсе боло береби ошондо Кыргызстанга?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан