Бүгүн, 18-октябрда Ош шаардык мэриясы социалдык коргоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. “Сиздердин ишиңиздер калктын түрдүү катмарына жардам берүү. Кыйынчылыктарга карабастан ар бир үйгө кичинекей болсо да кубаныч тартуулап келесиздер. Үй-бүлөңүздөргө тынчтык, бакубаттык каалайм”- деди вице-мэр Дастан Ходжаев. Иш-чара мэриянын имаратында өттү.