
Өлкөдө былтыркы жылга салыштырмалуу кылмыштуулуктун саны кыскарды. Бул тууралуу башкы прокурор
Курманкул Зулушев билдиргенин мекемеден кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, кылмыштуулук 24 миң 59га азайган. Өлкөнүн башкы көзөмөл органынын башчысы оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу жана тергөө учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу прокуратура органдарынын негизги милдети деп кошумчалады.
"Кылмыштуулуктун жалпы абалына токтолсом, республика боюнча, былтыркы жылга салыштырмалуу кылмыштардын саны 24 миң 59га азайган, 139 миң 490 (163 миң 549) сотко чейинки өндүрүшкө катталса, алардын ичинен 78 миң 254ү (87 миң 374) кылмыш жана 61 миң 236сы (76 миң 175) жоруктар.
Бул багытта прокурорлор тарабынан мыйзамда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде, ведомстволор аралык ыкчам кеңешмелер уюштурулуп, өзгөчө татаалдыкты түзгөн жазык иштер боюнча тергөө топторун түзүү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлүп, милдеттүү түрдө аткарылууга жаткан жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөр берилип турду. Натыйжада өндүрүшкө алынган кылмыштардын бетин ачуу өткөн жылга салыштырмалуу өстү", - деди Зулушев.