Бүгүн, 21-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун агып чыкканы дагы, агып киргени дагы көбөйдү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 21-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 636 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 363 метр куб, агып чыгышы 317 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 20-апрелде суу сактагычта 8 миллиард 632 миллион метр куб суу бар болчу.