Биз социалдык тармакта

Дордой конушунда адашып жүргөн 4 жаштагы кыз табылып, атасына өткөрүлүп берилди

Бишкекте адашып кеткен кичинекей кызды милиция кызматкерлери таап, атасына жеткирип беришти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Дордой 2 көчөсүндө кичинекей кыз адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип маалыматты тактаганда, 4 жаштага кыз адашып, №192 маршруттук каттамдын соңку аялдамасында жүргөн.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, кыздын жашаган дарегин аныктап, көп узабай атасын таап, сак-саламат жеткирип беришкен. Өз кезегинде кыздын атасы кызын издеп жаткандыгын айтып, кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан