Биз социалдык тармакта

"Депутаттарды тоготпой жатабы?". Эл өкүлү билим берүү министри Жогорку Кеңештин жыйынына келбегенине нааразы болду

Депутат Шайлообек Атазов билим берүү жана илим министри Жогорку Кеңештин жыйынына келбегенине нааразы болду. Бул тууралуу пикирин ал бүгүн, 21-апрелде билдирди.

"Билим берүү министри жыйынга эмнеге келген жок? Сиз министрдин деңгээлинде суроолорго жооп бересизби? Министр депутаттарды тоготпой комитет жыйынына келбейт экен", - деди депутат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров министрдин жолугушуулары болгондуктан келбегенин айтты. "Бул жакка мен жазылгам. Күн тартиптеги маселе боюнча жооп берем", - деди ал.

“Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaraisyn
2021-04-21 15:46:19
Силердин мааниси жок жыйыныңарга келгенден келбегени да дурус. Отчет алышыңар кылмышкерди тергегендей сыягы. Кайдагыны козгоп, куда сөөгү, тага жээни, качан туалетке барарын да сурайсыңар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан