Биз социалдык тармакта

"Бүгүн баарыбызга кыйын күн болуп турат". Өлкө башчы Садыр Жапаров Мария Айтматованын балдарына көңүл айтты

Бүгүн, 21-апрелде дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкек шаарындагы Айтматовдун үй музейинде өтүүдө.

Президент Садыр Жапаровдун атынан Кудайберген Базарбаев сөз сүйлөп, президенттин атынан жакындарына көңүл айтты.

"Бүгүн баарыбызга кыйын күн болуп турат, анткени Мария эжебиз баарыбызга жакын, белгилүү инсан болчу. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевич терең кайгыруу менен балдарына, бир туугандарына көңүл айтат", - деди Базарбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан