Бишкек шаарында АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы 50 сомдон ашты. Бул тууралуу күйүүчү май саткан компаниялардын сайтына жарыяланды.
Бүгүнкү маалыматка ылайык, "Газпром" компаниясы АИ-95 күйүүчү майын 50,50 сомдон, АИ-92 күйүүчү майы 48,50 сомдон сата баштады.
Ал эми "Роснефтьте" АИ-95 күйүүчү майы 50,30 сомдон, АИ-92 күйүүчү майы 48,30 сомдон сатылууда.
Бир нече күн АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы 49,50 сом, кийин 49,90 сом болуп кармалып турган.Буга чейин пандемия учурунда суроо-талап азайышынан улам кампаларда топтолуп калган мунайдын запасы дээрлик түгөнгөнү кабарланган.