Биз социалдык тармакта

Эртең Бишкектин айрым аймактарында убактылуу таза суу берилбейт

Эртең, 22-апрелде Бишкек шаарынын бир нече аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, эртең "Башкара-Суу" суу алуучу жана шаардык суу менен камсыздоо тармактарындагы оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү аймактарда таза суу берүү убактылуу токтотулат.

"Сарбан, Жал, Төмөнкү Жал, Жогорку Орок, Кашка-Баш, Достук айылдарында, Орок, ЖЭБ-2, Ак-Өргө конушунун 50-кварталы, Жаңы Селеция, Ак-Ордо конуштарында, Акыл-Карачач, Ахунбаев, Гүл-Ордо, Долон-Бий көчөлөрүндө, ошондой эле ЖЭБ-2де таза суу берилбейт.

"Бишкек суу канал" ишканасы убактылуу келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан