Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңеште башкы прокурордун ишмердүүлүгү боюнча отчёту угулууда.
Депутат Рыскелди Момбеков "ИИМдин мурдагы жетекчиси Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаевге козголгон кылмыш иши барбы?" деп сурады.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев: "Аларга өздөрүнө карата козголгон кылмыш иши жок. 5-октябрдагы окуя боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында булар дагы тергелип жатат. Юридикалык баа берилет", - деп жооп берди.
УКМКнын өкүлү тергөө жүргүзүлүп жатканын айтты.