Талас облусунун Талас шаарында жаздын күнү кар жаады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундарга SUPER.KG порталы байланышканыбызда билдиришти.
"Таңкы саат 4төн 10го чейин жаан жаап. Саат 10:00дөн баштап сары кар жаап жатат. Абдан суук", - деди Талас шаарында жашаган Айчүрөк.
Буга чейин Нарындын Кочкор районуна дагы жаздын күнү кар жааган.