"Макул" деп 68 депутат добуш берди. Жогорку Кеңеш Ысык-Көлгө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун колдоду

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңеште Ысык-Көл облусуна казинолорду ачууга уруксат берген мыйзам долбоору биринчи окуудан колдоо тапты.

"Макул" деп 68 депутат, "каршы" деп 23 эл өкүлү добуш берди.

Мыйзам долбоору биринчи окууда 8-апрелде каралып, добушка коюлбай жылдырылган.

Депутат Рыскелди Момбеков аталган мыйзам долбоорун өткөрүү үчүн түндө кээ бир депутаттарга телефон чалуулар болуп, коркутуу болгонун айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан