Вице-спикер Аида Касымалиева Айзаданын өлүмү боюнча Башкы прокуратуранын кайсы кызматкери жазага тартылганын сурады.
"Айзаданын өлүмү боюнча Ички иштер министрлигинин 44 кызматкери жазасын алды. Башкы прокуратурадан ким жаза алды?", - деп сурады Касымалиева.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев: "Эч ким жаза алган жок. Ким кандай жаза алса, күнөөсүнө жараша алыш керек. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ыкчам аракеттерди жүргүзбөгөнү үчүн жазасын алышты. Прокуратура өзүнүн укугуна жараша кылмыш ишин козгоду. Шалаакылык кетирген кызматкерлер жооп бериши керек", - деди ал.