Биз социалдык тармакта

"Жалал-Абаддабы же Баткендеби?". Министрдин орун басары Өзгөн району кайсы облуска карарын айта албай калды(видео)

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңеште “Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору 3-окууда каралды.

Депутат Сагындык Келдибаев билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүровго кайрылып, Өзгөн районунда канча профессионалдык-техникалык окуу жайы бар экенин сурады.

Буга министрдин орун басары: "Өзгөн району боюнча канча окуу жай бар экенин айта албайт экенмин, бирок мен сизге Жалал-Абад облусу боюнча айтып берейин", - деген Нурлан Өмүровдун сөзүн депутат кайрадан бөлүп, "Өзгөн Жалал-Абад облусуна карайбы?" деп суроо салды. Буга министрдин орун басары "Баткен облусуна карайт" деп жооп берди.

"Министрдин орун басары Өзгөн районунун кайсы облуска карарын билбейби?" деп нааразы болгон депутатка Өмүров "мен механикалык түрдө эле адашып алдым" деген жооп узатты.

Министрдин орун басары Өзгөн району кайсы облуска карарын айта албай калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Dastanali
2021-04-21 15:15:55
Аман эле болгула, үмүттү үзбөй....
+6
portugalia
2021-04-21 15:18:54
Андайлар чекеден чыгат.Окуш керек эле
+9
Dembele84
2021-04-21 15:26:37
Кок мээлер толуп кетти бийликте!
+15
munduz2016
2021-04-21 15:40:39
Шо,шо,шо
+3
alaialaibekov
2021-04-21 15:55:37
Бироо айткандай жалан кемчонтойлор бийликке келсе анан эмне демек элек
+13
Rusbayastan
2021-04-21 19:01:59
Орто мектепти буткон мен жакшы билет экенмин кайсы район кайсыл областька караарын
+5
bond02
2021-04-21 19:55:32
Бириси дары ойлоп табат, экинчиси билбей жер берип алат, бул кайсы район кайсы облуска карайт аны билбейт, дагы ким......?
+5
Neiro
2021-04-21 22:08:12
Эми оооо неме алиги не дешиңди да билбейсиң
+3
oopapa
2021-04-21 23:00:34
0
mira28
2021-04-22 02:26:55
Бетим оой.Мына сага стол талашуунун жыйынтыгы.Окунучтуу,билимдуу кишинин баары чет олколоп кор болуп журушот да.Тааныш билиш менен ишке алып журуп сорттолуп отуруп мектепти 2 менен аяктап даяр дипломду сатып алгандар депутат болуп отуру
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан