Биз социалдык тармакта

Кумарканалар Кыргыз жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер үчүн. Президент казино ачуу боюнча билдирүү таратты

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан "Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө" мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алынгандыгына байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Кумарканалар Кыргыз жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда Кыргыз жарандарынын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат.

Туристтердин акчасы өлкөдө калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы "кара пиар" жасап жатышат", - деп жазылат өлкө башчынын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Urmat78
2021-04-21 15:26:23
Ооба акчасын көтөрүп барса сен местный экенсиң киргизбейбиз дейт.Казинолор канчалаган кишилерди сызга отургузган
+8
Dembele84
2021-04-21 15:28:22
Баары кирет ачкан эле болсонор.Жон эле чет элдиктер учун деп актанбагылачы
+8
subhan80
2021-04-21 15:35:20
Эх Садыр Нуркожо уулу бул эмне кылганыныз Аллах жек коргон нерсени жасадыныз,кумар канча кыргыз жигиттерин лох кылганын уканынызда бул кадамды кылбайт болчусуз ал лох балдардын арасында менин бизнесмен укам бар ал дагы банкрот болду ушул казинонун аркасынан
+12
aiba.20201234567
2021-04-21 15:41:55
Эх бул кетиш мн Садырынар деле копко барбайт окшойт го.....
+11
akskg
2021-04-21 15:55:12
УЯТ
+9
Agayu
2021-04-21 16:09:12
Причем тут Аллах ? Аллахты ар жэрге тыга берип Кыргызстан кедей олкого айландыго. Баардык нерсени анализ кылыш керек го.Бюджэтке акча тушсо армия кучойот : пенсия пособия кучойот. Арак завод кумаркана : тунку кополокторго кунону коебуз .А озубузго эч качан жолотпойбуз. Чыныгы Адам биринчи озуно суроо бериш керек .Кунону озунон гана издеш керек.Бироо зордуктаса зордуктадын деп сраз айтыш керек .Тупой болбойлу
-5
Aimani
2021-04-21 19:09:00
Agayu,бюджетке Акча тушпойт.чиновник,депутаттардын чонтогуно тушот.100пр.гарантия.
+3
Nurmat8921
2021-04-21 16:23:24
А түшүнүктүү казино ачпаса кунубуз өтпөй кала тургандай болуп жатат бизнес өздөрү үчүн
+6
Taku.14.02
2021-04-21 18:03:50
Nurmat8921,казино ачпаса алтын каздырбаса.. базар салдырбаса андаикантип онугот
-1
Nurmat8921
2021-04-21 16:27:11
68 депутат колдоп бериптир список бергиле кимдер за кимдер против
+4
Isk..
2021-04-21 19:35:32
казиносуз 10жыл жашадык.дагы жашай берет элек.
+2
supish2017
2021-04-21 20:30:24
Казино бул наркотик.
Бир казино ойногон адам тууган уруктун баарын карызга батырат
+5
Lina2020
2021-04-21 20:50:01
Кумар болгон жерде алкоголь, тамеки, криминал баары болот. Казинодо иштеп көргөн адам катары айтайын бул экономикабызга эч кандай пайдасы жок. Бул жакта( Кипрда) деле туризм отель-казино менен кармат турат. Студент, өзүнүн гражданиндери кире албайт дешет. Кайдан, тааныш-билиш болуп кирип эле жүрүшөт. Кумарга уруксат деп кичинекей бет офистер толуп кеткен,Кипрдагы местныйлар кумардан башы чыкпайт, ага жараша түнкү көпөлөктөр толтура. Кереметтүү Ысык-Көлүбүздү кууратат го.
+3
alym21
2021-04-21 22:19:10
Садыр айный баштаганго,коргошундан ичип
+5
bond0202
2021-04-21 23:41:30
Казино карапайым элге кереги жок.депутат министирлерге керек.ошол жерге барып каалашынча эс алыш учун ачып жатышат жаны закон ойлоп табышып
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан