Башкы прокурор Курманкул Зулушев 5 эл өкүлүнө карата материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"5 эл өкүлүнө карата материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Эки депутатка билдирүү берилген. Алар үй камагында", - деди ал.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жалпы канча депутатка кылмыш иши козголгонун сурады. Башкы прокурор бул боюнча маалыматы жок экенин айтты. Маалыматты тактап жооп берерин билдирди.