Биз социалдык тармакта

25-апрелде Бишкектин дагы 8 көчөсүндө жолдорду оңдоо иштери башталат. Кайсы көчөлөрдө? (тизме)

25-апрелден баштап Бишкектин дагы 8 көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эки жагына тротуарларды куруу менен реконструкциялоонун кезеги: Кулатов көчөсү Каракөл көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;

Чортеков көчөсү Жайыл Баатыр көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;

Архитектор көчөсү;

Баба-Ата көчөсү Бакаев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин;

Жолон көчөсү Ашар көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;

Шералиев көчөсү Жайыл Баатыр көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;

Дордой-2 конушуна кирген Центральный көчөсү объезднойдон жаңы конуштун аягына чейин.

Мэриянын билдиришинче, жогорудагы көчөлөр 25-апрелден баштап жарым-жартылай жабылып, 1-майдан баштап толугу менен жабылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан