Индонезияда суу астында жүрүүчү кеме дайынсыз жоголду. Анда 53 моряк болгон

Индонезиянын Бали аралдарынын жээгинде суу астында жүрүүчү кеме дайынсыз жоголду. Анда 53 моряк болгондугу айтылууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн командири Хади Чахъянто билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, суу астында жүрүүчү ВМС KRI Nanggala-402 кемеси Германияда жасалган. Ал суу астында окуу өткөрүп жаткан, бирок жүргүзүлүп жаткан окуунун жыйынтыктары тууралуу маалымат бербей калган. Болжол менен акыркы байланыш Бали аралынын түндүк тарабынан болгон. Жоголгон кемени табууга көмөктөшүүгө Сингапур жана Австралиядан жардам сурашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан