
Жалал-Абад облусунда дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы кыз Ош шаарынан табылды. Бул тууралуу Ош шаардык Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Башат айылынын тургуну 2006-жылы туулган М.М. 19-апрель күнү Кара-Башат айылындагы үйүнөн чыгып кеткен.
Бүгүн, 21-апрель күнү Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын Навои атындагы балдар эс алуу жайында өспүрүм кыз жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган кызматкерлер кызды таап, Ош ШИИБине өткөрүп беришкен. Учурда кыз Ош шаарында эмне менен алектенип жүргөнү териштирилип жатат. Буга чейин кыздын жок болуп жатканы тууралуу Жалал-Абад ОИИБине катталган. Кыздын айтымында, ал досу менен кичи автобустарга түшүп Ош шаарына барган.